Нуркамал Асканова, президенттин жаңы пресс-кызматчысынын иш тажрыйбасы
RU

Нуркамал Асканова, президенттин жаңы пресс-кызматчысынын иш тажрыйбасы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин маалыматтык саясат бөлүмү өзүнүн жаны жетекчисинин өмүр баянын жарыялады. Маалымат мамлекет жетекчисинин расмий сайтында жайгаштырылган.

Эске салсак, буга чейин, үч ай катары менен маалыматтык саясат бөлүмүн Нургазы Анаркулов жетектеп келген. 30-январда ал, ири олчөмдө акча опузалаган, деп айтыпталып, бүгүн коюлган айыптын негизинде кызматынан бошотулду.

Өмүр баяны

Нуркамал Асканова 1960-жылы Нарын облусунун Тянь-Шань районундагы 8-Март айылында туулган.

Орто мектепти аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунан уюштуруучу-методист адистиги боюнча жогорку билимге ээ болгон.

1993-жылы Мамлекеттик телерадио компаниясына режиссердун ассистенти кызматына кабыл алынган. КТРКнын дээрлик бардык редакцияларында иштеп, бир канча долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырган:

- 2000-2006-ж.ж. - "Шок-Факт" көрсөтүүсүнүн алып баруучусу жана редактору;

- 2002-2008-ж.ж. - укуктук багыттагы көрсөтүүлөрдүн уюштуруучусу жана режиссеру;

- 2003-жылы Москвадагы телекөрсөтүү кызматкерлеринин билимин өркүндөтүү институтунан таалим алган;

- 2007-жылы - дайынсыз жоголгон жарандарды издеп, иликтеген "Кайдасын?" көрсөтүүсүнүн редактору жана уюштуруучусу;

- 2013-2014-ж.ж. - Россия Федерациясынын аймагындагы кыргыз мигранттарынын турмушун чагылдырган "Кыйырдагы кыргыздар" көрсөтүүсүнүн редактору жана уюштуруучусу;

Россиянын "Биринчи каналындагы" "Жди Меня" программасы менен, 2017- жылдан бери Кытай Борбордук телекөрсөтүүсүнүн "Жди Меня" долбоору менен ийгиликтүү кызматташып келген.

- 2021-жылы февраль айына чейин КТРКнын саясий-социалдык багытта иш жүргүзгөн "Маалымат" бөлүмүнүн баяндамачысы.

- 2021-жылдын 1-февралынан тарта Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы.

Сыйлыктары:

- 2003-2014-ж.ж. НТРК, УТРК, КТРК Ардак Грамотасы;

- 2006-жылыТВ отличниги;

- 2007-жылы "Жылдын мыкты долбоору";

- 2010-жылы "Мыкты журналист";

- 2015-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери";

- 2019-жылы КР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы;

- 2019-жылы КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/555