Бишкекте Молдомуса Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө. Фото, видео
RU

Бишкекте Молдомуса Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө. Фото, видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 14-февралда мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат.

Иш чара Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын алдында өтүүдө.

Молдомуса Конгантиев менен коштошууга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов, ички иштер министри Улан Ниязбеков, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов келген.

Молдомуса Конгантиев 63 жашында мезгилсиз дүйнө салган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5567