Кара-Балтада мектеп окуучулары мушташып, бири ооруканада
RU

Кара-Балтада мектеп окуучулары мушташып, бири ооруканада

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кара-Балта шаарында эки мектептин окуучулары стадиондо мушташып кетишкен. Окуучулардын бири бычакталып, ооруканага түшкөн. Бул тууралуу Kaktus.kg редакциясына Чүй облусунун ИИБсинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, 13-февралда, саат 17:21де Жайыл райондук ИИБге стадиондо массалык мушташ жүрүп жатат деген билдирүү келип түшкөн. Ошол эле учурда ооруканадан да телефон чалып, 2007-жылы төрөлгөн Д.А. бычактан жаракат алып жеткирилген деп айтылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча Кара-Балтанын 7-8-класстарынын окуучулары мушташып, бири ооруканага жеткирилген. Массалык мушташтын бардык катышуучулары Кара-Балта ИИБсине камакка алынды.

Экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери башталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5568