Ысык-Көлдө кылмышкер энеси менен баласын өлтүргөн. Шектелүүчү алардын жакын тууганы
RU

Ысык-Көлдө кылмышкер энеси менен баласын өлтүргөн. Шектелүүчү алардын жакын тууганы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Кашат айылында, 25-жаштагы эркек 54 жаштагы аялды жана анын 22-жашар уулун өлтүргөн. Бул тууралуу Kaktus.media'га күч структураларынын кызматкерлери билдиришти.

Алар берген маалыматка ылайык, 1-февралда милицияга Кашат айылындагы үйлөрдүн биринде жансыз денелер табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери 1967-жылы туулган И.Ж.нин жана анын уулу, 1992-жылы туулган Ы.К.ни табышкан.

Бул фактынын негизинде КРдин Жазык кодексинин "Киши өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Шектелүүчүнүн өздүгү аныкталып, 1995-жылы туулган А.Ж. экени белгилүү болду. Ал каза болгондордун жакын тууганы болгону жана буга чейин соттолгондугу да аныкталды.

Шектелүүчүн жүргөн жерин билген же көргөндөр болсо, өзүңөргө сак болуп, дароо төмөнкү телефондор аркылуу байланышкыла: 102, 03943 4 39 80, 0702 144 997, 0508 122 112; 0709 19 24 76, 0700 454 454.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/556