Төрөгөнүмө жарым жыл болду. Спираль салдыра берсем болобу?
RU

Төрөгөнүмө жарым жыл болду. Спираль салдыра берсем болобу?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламатсызбы! Төрөгөнүмө 6 ай болду. Этек ирим келе элек. Спираль салдыра берсем болобу?

Раушан Джумагулова, акушер-гинеколог

Саламатсызбы! Жатын ичине салынуучу спиралды төрөттөн кийин каалаган убакта койсо болот. Бирок, кош бойлуулук жана сезгенүү болбошу керек. Бул эки нерсени так аныктоо үчүн УЗИге түшүп жана флорага мазок тапшырыңыз. Эгер баары жайында болсо, анда салдыра берсеңиз болот.

Ден соолукта болуңуз!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5573