Бишкекте эски нан үчүн таштанды чакалар коюлду
RU

Бишкекте эски нан үчүн таштанды чакалар коюлду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте нан үчүн атайын урналар пайда болду. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Долбоор жаш активисттер тарабынан демилгеленген. Алардын пикири боюнча, бул демилге таштанды челектеринин жанында шимшип жүргөн жолбуун иттердин санын азайтууга жардам берет.

Активисттер контейнерлерди бошотуу жагын да өз мойнуна алышты. Алар бир жылдын ичинде мындай ящиктердин 1500 даанасын орнотууну пландаштырып жатышат.

Шаар бийлиги борбор калаанын тургундарын урналарды максаттуу пайдаланууну – ал жерге нан гана калтырууну суранууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5574