Сабырбек Жумабеков кызматынан кетти
RU

Сабырбек Жумабеков кызматынан кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Медицина илимдеринин доктору, профессор Сабырбек Жумабеков мурдагы Травматология жана Ортопедия улуттук илим изилдөө борборунун башкы дарыгери кызматынан кетти. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-февралда Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп өзгөргөн ооруканага Сабырбек Жумабековдун ордуна Памир Муратов башкы дарыгердин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал жамаатка тааныштырылды.

Эске салсак, Саламаттыкты сактоо министрлиги БНИЦТО кайра түзүлүп, анын ордуна тез жардам ооруканасын түзүү пландалып жатканын жарыялагандан кийин чатак чыккан. Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиев академик Сабырек Жумабеков оорукананы менчиктештирип, жакындарын жумушка алган, андан тышкары "өз чөнтөгүнө" гана иштеп жатат деп айыптады. Жумабеков өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, министр медициналык мекемеге мас абалында келген деп билдирди. Андан кийин ал президентке да кайрылган.

Бирок, Бейшеналиев кайра уюштуруу тууралуу буйрукка кол коюп, жаңы директор кылып Гулия Кожокматованы дайындаган. Буга жооп иретинде борбордун кызматкерлери Бейшеналиевди кызматтан алуу, ошондой эле Сабырбек Жумабековду кызматында калтыруу талаптары менен Саламаттыкты сактоо министрлигине митингге чыгышкан. Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы кетпей турганын жана БНИЦТОну кайра түзүү жөнүндөгү буйрукту жокко чыгарбай турганын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5575