Россияда кыргызстандык окуучу бычактан жараат алды
RU

Россияда кыргызстандык окуучу бычактан жараат алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын Мытищи шаарындагы мектепте эки окуучунун ортосунда чыр чыгып, бири экинчисин бычак менен жарадар кылган. Жараат алган өспүрүм Кыргызстандын жараны экенин Москвадагы элчиликтен кабарлашты. Маалыматка караганда, ал 14 жашта. Өспүрүмдүн апасынын айтымында, анын өмүрүнө коркунуч жок.

Учурда Москва облусунун укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүүдө. Бул маселе элчиликтин көзөмөлүндө.

Россияда азыркы тапта расмий эсеп боюнча 600 миңден ашуун кыргызстандык эмгек мигранттары бар. Бейрасмий эсепте 1 миллиондон ашуун экени айтылып келет.

Маалымат azattyk.org сйтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5577