Украинанын эң бай бизнесмендери өлкөдөн массалык түрдө кетип жатышат
RU

Украинанын эң бай бизнесмендери өлкөдөн массалык түрдө кетип жатышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

13-февралда, Киевден 20 чартердик жана жеке менчик учак менен украиналык бизнесмендер учкан. Мындай көрүнүш акыркы алты жылда байкалган эмес болчу, деп "Украинская правда" маалымдады.

Ал күнү Украинадан Ринат Ахметов (Forbes тизмеси боюнча украинанын эң бай адамдардын ичинен 1-орунда турат) жана Борис Колесниковдун (55-орун) учактары учуп кеткен.

Акыркы жумаларда Украинанын көпчүлүк бизнесмендери өлкөдөн чыгып кеткен. Маселен Виктор Пинчук (Forbes тизмесинде 2-орунда) 30-январда эле кетиптир, 10-февралда Вадим Новинский (8-орунда) жана Александр Ярославский (9-орунда), 12-февралда Василий Хмельницкий (29-орун) менен Вадим Столар (64 орун), 13-февралда Андрей Ставницер (49-орун) жана Вадим Нестеренко (96-орунда).

Украиналык бизнесмен жана "Оппозициялык платформа - За жизнь" фракциясынын депутаты Игорь Абрамович 50 кишилик учакка буюртма берип, Киевден Вена шаарына партиялаштарынын жана бизнес-өнөктөштөрүнүн туугандарын алып кетүүнү пландаштарып жатыптыр.

АКШнин бийлиги өткөн жумада Россия Украинага кол салышы мүмкүндүгүн билдирген. "Каалаган учурда, Олимп оюндары жүрүп жатканда деле", - дейт АКШ. Америкалык чалгындоочулар кол салуу 16-февралда башталышы мүмкүн, деп эскертүү беришти. Ал эми Россия бул билдирүүлөрдү четке кагып, Украинаны басып алуу ою да жок экенин айтып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5578