Адилет сот баарына жеткиликтүү болушу керек
RU

Адилет сот баарына жеткиликтүү болушу керек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасы соңку бир нече жылда ыкчам өнүгө баштады. Белгилүү бир категориядагы адамдарга кандайдыр-бир кылмыш иштери боюнча мамлекет акысыз адвокат берет. Ар бир жаранда өз укугун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнүн болушу абдан маанилүү дейт мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын өнүктүрүү боюнча координациялык кеңештин жетекчиси Айжан Жуманалиева.

"Ар кандай категориядагы адамдар бар да, айрымдар жеке адвокаттарды жалдай алышпайт, буга түрдүү себеп болушу мүмкүн, бир гана кирешесинин жетишсиздиги эмес, маселен жашы жете элек балдар бар, пенсионерлер, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, жалгыз бой энелер. Бизде калктын көпчүлүк бөлүгү бай жашабайт, ошондуктан мамлекеттик юридикалык колдоо абдан манилүү, ал аркылуу өз укуктарыңды ишке ашырууга болот".

Элдин маалыматы аз

Бирок, мамлекеттен акысыз адвокат алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин калктын көпчүлүгү биле бербейт. Эки жыл мурда өткөрүлгөн изилдөөлөргө ылайык, Кыргызстанда 20% адамдар гана бул туурасында малыматы бар экенин билдиришкен. Ошондуктан, калк ичинде маалымдоо иштерин да активдүү жүргүзүп жатабыз дейт Айжан Жуманалиева.

"БУУӨП колдоп берген "Тилектештик автобусу" деп аталган долбоорубуз бар. Анын идеясы мындай. Адвокат, юристтер жок болгон же мындай адистер абдан жетишсиз болгон өтө алыскы, унаа көп жетпеген аймактарга атайын график менен автобус каттап турат. Белгилүү бир адистер топтолот да, жергиликтүү эл менен жолугуп, көйгөйлөрүн угуп, сапаттуу юридикалык кеңеш берип келишет. Бир четинен юридикалык жардам көрсөтөбүз, экинчиден, маалымдайбыз".

Бекер, бирок сапаттуу

Региондордогу калкты камтуу максатында БУУӨПтүн колдоосу менен мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөткөн ондогон аймактык борборлор да ишке киргизилген. БУУӨП мындан тышкары, адвокат, юристтердин кесипкөйлүгүн арттыруу максатында акысыз окууларды да уюштуруп келет. Эң башкысы, бул системанын сапатын жогорку деңгээлге чыгаруу негизги маселе болуп жатат дейт координациялык кеңештин башчысы Айжан Жуманалиева.

"Бекер болуп аткандан кийин, демек сапатсыз деген ишеним бар коомдо. Мисалы, бир адам акысыз юридикалык жардам борборуна кайрылса, ага акысыз адвокат берилди дейли, акысыз берилип жаткандан кийин андан сапатуу иш талап кыла албайсың деп ойлошот. Жок, андай эмес. Эгер сиз өз акчаңызга жалдап алган адвокаттан кандай сапатты талап кылсаңыз, акысыз адвокаттан да дал ошондой эле сапаттуу ишти талап кылууга укугуңуз бар. Анткени, ал адвокаттын кызматы үчүн мамлекет төлөп берет, бул биз менен сиздин салыктарыбыз, бул максаттарга жакшы эле суммадагы акча каражаттары бөлүнөт. Эгер акысыз берилген адвокаттын иши сизди канагаттандырбаса, анын үстүнөн арыздануга да укугуңуз бар. Ар бир адвокат бул системага өз ыктыяры менен келет жана жоопкерчиликтүү кызмат өтөөсү керек".

Мамлекет тарабынан акысыз укуктук кызматтарды көрсөтүү канчалаган жарандарга адилет сот мүмкүнчүлүгүн ачып берди. Акысыз кызматтар бир гана укуктук маселелерди чечпестен, калктын укуктук сабаттуулугун да көтөрүп, мамлекетке болгон ишенимди көтөрөт. БУУӨП Кыргызстанда өз долбоорлорунун алкагында адилет сот жеткиликтүүлүгүн камсыздоого ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет. КРнын "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" мыйзамын иштеп чыгууга жана кабыл алынышына да олуттуу салымын кошту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5581