Адахан Мадумаровдун айтымында Кыргызстан "жайлоо болуп кетти"
RU

Адахан Мадумаровдун айтымында Кыргызстан "жайлоо болуп кетти"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун пикири боюнча "Кыргызстан жайлоо болуп кетти". Бул тууралуу депутат кечээ, 14-февралда, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйыны учурунда айтты. Анда Конституциялык мыйзамдын "Өзгөчө абал тууралуу" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралып жаткан.

Юстиция министри Алмазбек Зарылбек уулунун айтымында, учурдагы редакция тартипти бузган жарандарды комендаттык саат башталганга чейин эле кармоого уруксат берет, ал эми тиешелүү документтери жоктордун ким экени аныкталганга чейин бирок үч күндөн ашык эмес кармоого мүмкүн.

Бул норма Конституцияга ылайык келтирилип, камакка алынгандар соттун санкциясы жок 48 сааттан ашык эмес кармалууга тийиш деген норма жазылып жатат.

Мадумаров азыр деле эч кимди 48 саатан бир мүнөттөн да ашык кармоого акысы жок экенин белгиледи.

Депутат бул нормада "жактар" эмес "Кыргыз Республикасынын жарандары" деген баса белгилеп кетүүну сунуштады.

"Айрым учурларда 48 саатка кармабай чыгарып салса болот. Баласы чыркырап ыйлап атса, ошону 48 саат кармабай өздүгү аныкталгандан кийин 4 саатта чыгарып жиберсе эмне болот, деп атам. Эмне үчүн биз 48 саат кармап турабыз? Ошолор биз менен сиздин шайлоочуларыбыз. Эгер башка мамлекеттин жараны болуп, ким экени аныкталбай жатса, мага десең 48 айга отургузуп койгула. Бул максатка ылайык.

Кыргызстанды сүйүп, Кыргызстанга күйсөңөр ушинтип жазыш керек. Себеби, Кыргызстан жайлоо болуп кеткен. Чет өлкөлүктөрдүн кимдери гана жүрбөйт. Биз менен бирдей жарандык укукка ээ болуп калды алар.

28-беренеге ушуну толуктап жазсаңар эмне болот? Биздин коопсуздук бекемделет, мамлекетте тартип күчөйт. Кыргыз жарандары менен сырттан келгендер бирдей укукка ээ болбойт, Кыргызстан жайлоого айланбайт", - деди Мадумаров.

Талкуунун соңунда комитеттин мүчөлөрү мыйзамдын долбоорун биринч окууда жактырышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5584