Алмазбек Бейшеналиев кайрадан Билим берүү министри болуп дайындалды
RU

Алмазбек Бейшеналиев кайрадан Билим берүү министри болуп дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алмазбек Бейшеналиев кайрадан Кыргызстандын билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Маалыматты Kaktus.kg'ге ведомстводон тастыкташты.

Буга чейин президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Болотбек Купешев бул кызматынан бошотулган болчу.

Президенттин администрациясы да бул маалыматты тастыктады. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кечээ Бейшеналиевди Билим берүү министрлигинин жамаатына тааныштырган.

Белгилей кетчү жагдай, Алмазбек Бейшеналиев буга чейин да билим берүү министри кызматын ээлеген. Ал 2020-жылдын аягынан 2021-жылдын июлуна чейин иштеп, кийин Швейцарияга элчи болуп дайындалган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5585