Кыргызстандын мурунку премьери Сауд Арабияга элчи болуп барды
RU

Кыргызстандын мурунку премьери Сауд Арабияга элчи болуп барды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2022-жылдын 14-февралында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Марипов Сауд Арабия Падышалыгынын Тышкы иштер министринин орун басары Халид Фейсал Аль-Сехлиге Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Мындй маалыматты Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Министрдин орун басары Х.Аль-Сехли Элчи У.Мариповду кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын бул жогорку кызматта иштөөсү кыргыз-сауд мамилесин мындан ары ар тараптуу өнүктүрүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого жана бекемдөөгө кызмат кыларына ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Элчи Улукбек Марипов дипломатиялык миссиясынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабия Падышалыгынын ортосундагы ар тараптуу мамилелерди мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5587