Жогорку Кеңеш конституциянын долбоорун коомдук талкууга чыгарбастан кабыл алат
RU

Жогорку Кеңеш конституциянын долбоорун коомдук талкууга чыгарбастан кабыл алат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Конституциянын иштелип бүткөн долбоору Жогорку Кеңешке бүгүн, 2-февралда сунушталат. Бул тууралуу Kaktus.media'га комиссиянын төрагасы Бекбосун Борубашев билдирди.

Анын айтымында, 26, 27-январда талкуу болуп конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип жаткан, ал эми Негизги мыйзамдын соңку варианты Жогорку Кеңешке бүгүн сунушталат. Коснтитуциялык кеңеш менен эмне болот, азырынча белгисиз.

"Комиссия таратылабы же жокпу азырынча белгисиз. Бир четинен биз өзүбүзгө тиешелүү жагын бүтүрдүк, Конституциянын долбоорун иштеп чыгып, аны кайра Жогорку Кеңешке жөнөттүк. Экинчи жагынан алып караганда, суроолор жаралышы мүмкүн, анан биз өзүбүздүн өзгөртүүлөрүбүзгө жүйөөлү аргумент келтиришибиз керек", - деди ал.

Журналисттерге документ сунушталган жок. Борубашев муну, Конституциялык кеңештин андай укугу жок, деп түшүндүрдү.

"Буйрукта биз Конституциянын долбоорун иштеп чыгышыбыз керек деп гана жазылган, ал эми талкууланып жаткан долбоорду жайылта алабызбы же элге жарыялай алабызбы эч нерсе жазылган эмес. Бул Жогорку Кеңешке бериле турган суроо", - деди Борубашев.

Конституциялык кеңештин ишине катышкан, Конституция долбоорунун авторлорунун бири Акылбек Жапаров, жаңы долбоор боюнча коомдук талкуу болбой турганын билдирди. Ал Жогорку Кеңештин сайтына, таанышып чыгуу үчүн гана жарыяланат.

"Коомдук талкуу бүткөн. Коснтитуциялык кеңештин өзү эле коомдук талкуу болчу. Долбоор парламентке келип түшөөрү менен таанышып чыгуу үчүн сайтка жайгаштырылат. Башкача айтканда, Конституциялык кеңеште бекитилген вариантын өзгөртүүгө болбойт. Мыйзам боюнча ошондой. Процедурасы жөнүндө айта турган болсок, ал парламентке келет, аны профилдик комитет карап чыгат. Андан кийин ал палатага келет, тилекке каршы парламент эч нерсе өзгөртө албайт. Бул менин демилгем жа башка эки депутаттын демилгеси эмес, бул мыйзам. Референдум тууралуу мыйзам, парламентке да, жарандарга да мыйзам долбоордун референдум тууралуу тиркемесине өзгөртүү киргизүүгө жол бербейт. Ал эми Конституциянын долбоору мыйзамга тиркелет", - деп Kaktus.media'га жооп берди.

Жапаровдун пикири боюнча, мындай учурда Конституциялык палатанын корутундусу керектелбейт, анткени кеп азыр иштеп жаткан конституциядагы өзгөртүүлөр жөнүндө эмес, такыр башка, жаңы Конституция жөнүндө болуп жатат.

Эске салсак, президенттик бийликти күчтөндүргөн Конституциянын долбоору 80 депутаттын атынан сунушталган, бирок кийин документти Садыр Жапаровдун аппараты иштеп чыкканы белгилүү болгон. Конституциялык кеңеш ноябрь айынан тарта долбоорго өзгөртүүлөрду киргизген. Ошол эле маалда, коомчулук, референдумга чыга турган Конституциянын жаңы долбоорун көргөн эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/558