Кыргыз-орус өнүгүү фондунун мүчөсү камакка алынды
RU

Кыргыз-орус өнүгүү фондунун мүчөсү камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз-орус өнүгүү фондунун мүчөсү Нурлан Мамытов камакка алынды. Бул тууралуу Kaktus.kg редакциясына күч структураларынан билдиришти.

Алардын айтымында, бир нече күн мурун Улуттук коопсуздуктун мамлекеттик комитетинин кызматкерлери КРӨФтүн мүчөсү Нурлан Мамытовду камакка алышкан. Ал УКМКнын СИЗОсундагы убактылуу кармоочу жайга жеткирилген.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Нурлан Мамытов камакка алынганын тастыктады. Тергөө соту чыгарган токтомдун негизинде ал 2021-жылдын 8-мартына чейин камакта болот.

Ага КРдин Жазык кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча айып тагылууда.

УКМКнын басма сөз кызматы комментарий бере элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5590