Акылбек Жапаров өзүнүн отставкасы тууралуу комментарий берди
RU

Акылбек Жапаров өзүнүн отставкасы тууралуу комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров анын отставкасы тууралуу имиштер боюнча комментарий берди.

15-февралда өткөн басма сөз жыйыны учурунда Акылбек Жапаров "Кечээки күнгө кайта албайсың, эртеңки күн кандай болот эч ким билбейт", - деп белгиледи.

"Мен кетүүгө да иштөөгө да даярмын. Эртең мененки 7ден кечки 22:00го чейин иштейм. Менин эмгегиме Садыр Жапаров жана эл баа берет.

Экономика деген сыйкыр таякча эмес. Нормалдуу, ирээти менен өнүгүү үчүн үч жылдан кем эмес убакыт керектелет. Мен өнүгүүгө өз салымымды кошууга даярмын", - дейт Акылбек Жапаров.

"Менин кетишимди каалагандардын көбу парламентте экенин билем", - деп акылбек Жапаров кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5592