Шаардык сот журналист Болот Темиров боюнча бүтүм чыгарды
RU

Шаардык сот журналист Болот Темиров боюнча бүтүм чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык соттун судьялары журналист Болот Темировдун камакка алынышын мыйзамдуу деп тапты. Бул тууралуу Facebook баракчасына Нурбек Токтакунов билдирди.

Ал белгилегендей, тергөөчү милицияга жеткирилгендеги протоколду тариздебей койгонуна карабастан ушундай чечим кабыл алынды.

Андан тышкары, судья токтом жарыяланган учурда видеого тартууга тыюу салды.

"Төрагалык кылган судья Эсеналиев соттун чечими коомго ачык жарыялана турганын да билбейт экен", - дейт адвокат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5593