Кыргызстандыктар Новосибирскийдеги дүкүндөн азык-түлүк сатып алса ГБР келди
RU

Кыргызстандыктар Новосибирскийдеги дүкүндөн азык-түлүк сатып алса ГБР келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Новосибирск шаарында беш кыргызстандык жигит супермаркеттен азык-түлүк сатып алышкан. Бирок алар соода кылып жаткан учурда дүкөн жабык болчу экен. Бул тууралуу "АСТ-54" пабликтин окурмандары "ВКонтакте" социалдык тармагынан айтып беришкен.

Көрсө, кыргызстандыктар дүкөн жабык экенин билбей эле азык-түлүк сатып алышкан. Анткени маркеттин эшиги бек эмес, ичинде жарык күйүп турган болчу. Кыргызстандыктар өзүнө керектүү товарларды алып, өзүн-өзү тейлөө кассасынан акчасын төлөшкөн. Бирок кетейин деп жатканда Ыкчам чара көрүү тобу (Группа быстрого реагирования ГБР) келген.

Жигиттер дүкөндүн сыртында жазылып турган иштөө убактысына көңүл бурушкан эмес, себеби ичинде жарык күйүп турган, ал эми эшиктери бек эмес болчу. Кассада соодагерлердин жок экенин көрүп, бошобой жатышат деп ойлошкон.

Видеокөзөмөл жүргүзгөн камераларды текшергенден кийин, дүкөндүн кардарлары ашыкча эч нерсе албаганы жана бардык товар үчүн акчасын төлөгөнү тастыкталган.

Жыйынтыгында кыргызстандыктар ГБР жана Росгвардиянын кызматкерлерине маселени тез чечип адамгерчиликтүү мамиле жасагандыгы үчүн рахмат айтышты.

Белгилей кетчү жагдай, жигиттердин бири Minimum долбоорунун катышуучусу Денис Муравьев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5594