Исхак Масалиев: Бизде диктатуранын оор формасы орношу мүмкүн
RU

Исхак Масалиев: Бизде диктатуранын оор формасы орношу мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сөз эркиндиги жана адамдын укуктарын коргоонун абалы тууралуу тегерек стол өтүп, анда депутат Исхак Масалиев "бийлик саясий оппонентерин жок кылуу менен алек, Кыргызстан диктатуранын оор формасы орношу мүмкүн" деп жарыялады.

"Биз виртуалдуу дүйнөдө жашап жатабыз, өзүбүзгө өзүбүз көйгөйлөрдү ойлоп таап, чечүүнү көздөйбүз. Планшети бар бир киши келип, бардыгын чечип жатат. Жарандарга сыноо жүргүзүлдү, эми саясатчыларды сыноодо. Жөн эле комментарий жазып койгонуң үчүн ышкырык салып, камап жатышат, бул буга чейин болуп көрбөгөндөй укук бузуу. "Кызматынан кетсин" деген чакырыкты антиконституциялык кадам кадары кабыл алса болот. Мына ушул жаңыча көрүнүштөр, ноу-хау жетекчилердин квалификациясы жетишсиз болгондуктан ишке ашырылып жатат. Бир жолу, бир түрмөдө эксперимент жүргүзүп: камактагылар менен аларды кайтаргандарды орун алмаштырышыптыр. Бир канча убакыттан кийин камактагылар көзөмөлдөөчүлөргө салыштырмалуу алда кайда мыкаачы келе тургандыгы аныкталган. Айрым учурларда эркиндик менен бийлик жакшыга алып келбейт. Оор сыноолордон өтүп, бир заматта "жогорку жактагы жалгыз чындык" болуп калган адамдарды көргөндө жүрөгүм ооруйт", - деди Исхак Масалиев.

Бактыбек Калматов, активист Мирлан Ураимов, журналист-иликтөөчү Болот Темиров жана Kaktus.мedia сайтындагы публикация фактысы боюнча козголгон кылмыш иштер буга чейин болуп көрбөгөндөй "бетпактык жана уятсыздык" дейт депутат.

Анын айтымында, мындай көрүнүштөр жетекчилердин квалификациясы жетишсиз болгондугуна байланыштуу болуп жатат. Алар "окугусу жана мыйзамды карагысы жок".

"Аткаруучу бийликтин өкүлү (Конституцияга ылайык бул президент) Интернетте оппоненттери менен кайым айтышты, болгондо да өтө орой. "Акылы жоктор", "кимсиңер силер", "бети калың" - деген сөздөр айтылбаш керек эле. Адахан Кимсанбаевич туура айтты, укук коргоодо иштеген жетекчилер комментарий жазуудан өзгөчө сак болууга тийиш. Комментарийлерди адвокаттар, кылмыш иши козголгондордун жакындары, журналисттер бере алат. Бирок бир мамлекеттик чиновник, экинчи мамлекеттик чиновникти Интернет айдыңында сындаганы - корректүү эмес. Албетте, адамдын укугу абдан маанилүү, бирок чиновник болгондон кийин милдеттериң да пайда болот. Анан калса, президент өзү бирөө жарымды кылмышкер деп жар салып, күч структуралары иликтебесе аларга карата да чара көрүлөт деп айтууга акысы жок", - деп Масалиев белгиледи.

Мен буга диктатура дегенден башка ат таппай турам. Бизде диктатуранын оор формасы орношу мүмкүн.

"Бул тегерек стол коомчулукка кайрылыш керек. Биз диктатурага жол бербөөгө тийишпиз", - деди депутат.

"Интернетке көйгөйлөрүм жөнүндө жазгым келет, бирок аккаунтумду бирөө бузуп кирип, менин атыман туура эмес нерселерди жазып коебу деп чоочулайм. Ошондо мени прокурор же судья коргоп калаарына күмөнүм чоң", - дейт Масалиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5596