Жол кырсыктан жети адам каза болгон. Жабырлануучу милицияны күнөөлөп жатат
RU

Жол кырсыктан жети адам каза болгон. Жабырлануучу милицияны күнөөлөп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Нарын облусунун тургуну Тынчтыкбек Кубанычбеков билдирди. Анын апасы 2021-жылдын 17-августунда Ысык-Көл облусунун Тоң районунда, Куакы ашуусуна бурулушта катуу жол кырсыктан каза болгон. Бүгүнкү күнгө чейин тергөөдөн эч кандай жыйынтык жок, деди ал.

Белгилей кетсек, жүк ташуучу унаа менен жүргүнчү ташыган Mercedes-Benz Sprinter кичи автобусу сүзүшкөн. Бул кырсыктан жети адам каза болгон: бешөө ошол жерден, дагы экөө ооруканада көз жумган. 12 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.

  • Султаналиева Турдубүбү Болотакуновна, 1961-жылы туулган.
  • Мурсаканов Ырсаалы Апиевич, 1962-жылы туулган.
  • Дүйшеева Сагын Асанбековна, 1976-жылы туулган.
  • Эркинбек кызы Айсулуу, 1994-жылы туулган.
  • Нурбеков Азирет Изатович, 2017-жылы туулган.
  • Итигулова Эркинбүбү Турсунбековна, 1959-жылы туулган.
  • Молдакунов Жанболот, 1947-жылы туулган.

Кубанычбековдун айтымында, 2021-жылдын 17-августунда апасы Турдубүбү Султаналиева жана аны менен чогуу 20 айылдашы "Мерседес-Бенц Спринтер" үлгүсүндөгү кичи автобус менен Бишкек шаарынан Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылын көздөй бара жатышкан. Айдоочу У.А. атту жаран болгон.

"Айдоочу жана анын бир туугандары айылыбыздагы жана облусубуздагы эң бай үй-бүлөлөрдүн бири катары эсептелинет. Ошондуктан ага иш козгобой созуктуруп жатышат", - деди жабырлануучу.

Ал 18 орундуу автобуста 21 жүргүнчү болгонун айтып улантты.

"Кырсык Куакы ашуусунда болгон. Жүк ташуучу унаа Нарын району тараптан келе жатып, капталына кулап, инерция менен бир нече ондогон метрге тайып кеткен", - деди Кубанычбеков.

Кийинчерээк автобустун ичиндеги аман калган жүргүнчүлөр Кубанычбековго окуя тууралуу айтып бергенин белгиледи. Анын айтымында автобустун ичиндеги жүргүнчүлөр жүк ташуучу унаа кулап түшкөн учурду көрүп, айдоочудан токтотууну суранышкан.

"Жүргүнчүлөр кыйкырып, токтоп туруусун суранышкан. Бирок айдоочу ага карабай кете берген. Айланып өтөм деп ойлогон. Тилекке каршы алар бетме-бет кагышкан", - деп Кубанычбеков кырсыктан жабыркаган айылдаштарынын сөзүн жеткирди.

Ал айылдаштарына кайрылып, Боом капчыгайындагы кафелердин биринде автобус токтоп, айдоочу спирт ичимдигин ичип алганын айткан.

"Кырсыктын кесепетинен 7 адам каза болду. Каза болгон 12 адамдын арасында Рахат аттуу кош бойлуу келин да бар эле. Кырсыктан улам боюнан түшүп калган", - деди Кубанычбеков.

Ал кошумчалагандай, баары маркумду акыркы сапарга узатуу менен алек болуп жатканда айылга Тоң ОВДнын тергөөчүсү келип, бош бланкаларга кол чогулткан. Муну ал тергөө иштери башталганы менен түшүндүрдү.

"Каза болгондордун бардык жакындары тергөөчүнүн кагаздарына ойлонбой туруп, тергөөнүн мыйзамдуу сырларын түшүнбөй кол коюшкан. Көрсө, алар экспертизанын корутундусуна кол коюшкан экен, мында алар кичи автобустун айдоочусуна каршы эмес дегенди түшүндүрөт. Жүк ташуучу унаа күнөөлүү деп табышты, бирок андай болгон жок. Автобустун айдоочусу атайылап жүк ташуучу унааны көздөй айдап кеткен", - деп түшүндүрдү Кубанычбеков.

"Милиция жабырлануучулар өздөрү ишти Нарын облусуна өткөрүп берүүнү суранганын айтышууда. Бирок, биз ишти Бишкекке өткөрүп берүүнү суранганбыз. Мындан улам бизде милиция ишти бүтүрүү үчүн коррупцияга аралашкан деген шек күчөп баратат", - деп Кубанычбеков түшүндүрүп берди.

Ал белгилегендей, тергөө жүрүп 6 айдан бери эч кандай жыйынтык чыга элек. Ал тургай суракка да эс ким чакырылган эмес.

"Экспертиза жүк ташуучу унаанын айдоочусун күнөөлүү деп тапканын, ал эми кичи автобустун айдоочусу психикалык жактан жабыркаган адам катары көрсөтүлүп жатканын аныктадык. Анын эсинде эч нерсе жок, тергөөчүлөр күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө жооп беришпейт дешүүдө. Анткен менен ооруканада ал менен чогу жаткандар, анын эч кандай оорусун байкаган эмес", - деди Кубанычбеков.

Ал жүк ташуучу унаанын айдоочусу жабырлануучулардын баарына кайра-кайра келип, кечирим сурап, дарыланууга кеткен чыгымды төлөп бергенин, ал эми автобустун айдоочусу эч кимге жардам берүү үчүн убара болбой жататканын айтты.

"Ишти создуктуруп жаткандарга чара көрүүнү жогорку бийлик өкүлдөрүнөн суранабыз", - деп жыйынтыктады Тынчтыкбек Кубанычбеков.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5598