Тазабек Икрамов калпакты мектеп формасына киргизүүнү сунуштады
RU

Тазабек Икрамов калпакты мектеп формасына киргизүүнү сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Тазабек Икрамов билим берүү министрине калпакты мектеп формасынын милдеттүү элементи кылууну сунуштады. Ал өз сунушун бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Икрамовдун айтымында, жогорку жана кенже класстын окуучуларынын калпактары түсү боюнча айырмаланышы керек.

Депутат ошондой эле мектеп программасына комуз чертүү, Манастын идеологиясы боюнча сабактарды киргизүүнү сунуштады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5602