Байсалов: Кумтөр өзүбүзгө тийгени моралдык чоң жеңиш болду
RU

Байсалов: Кумтөр өзүбүзгө тийгени моралдык чоң жеңиш болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кумтөр алтын кенин өз алдынча иштетүү укугун алганы Кыргызстан үчүн моралдык чоң жеңиш болду. Мындай пикирин 16-февралда "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" программасында сүйлөп жатып Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди:

"Бул болуп көрбөгөндөй чоң жеңиш. Биринчи кезекте моралдык жеңиш. Кыргыздын алтыны өз жергебизде калсын деген. Ал жерде эч нерсе калбаган күндө да, биз уттурган күндө да, өзүбүздүн мамлекеттүүлүгүбүздү далилдеп, өз жерибизде өзүбүз кожоюн экенибизди Садыр Жапаров көрсөтө алды. Кумтөр өзү өтө эле минималдуу роль ойнойт. Кумтөрдөн сырткары башка да далай булактар бар", - деди Байсалов.

Канадалык "Центерра Голд" компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган. 2021-жылдын 19-декабрында президент Садыр Жапаров Жалал-Абаддагы иш сапары учурунда эл менен жолугушканда Кыргызстан "Кумтөрдүн" үзүрүн 2022-жылдан тартып көрө баштарын, январь айына карата бул ишканадан түшө турган таза киреше 300 миллион долларга жетери болжолдонуп жатканын айткан.

Быйыл 3-январда "Центерра" кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүдөгү өзүнүн негизги шарттарын жарыялаган, кыргыз тарап ага азырынча жооп бере элек.

2-январда президент Садыр Жапаров Кумтөр кенине барган учурда "Центерра" менен сүйлөшүүдө жакшы жылыштар бар экенин билдирген.

Маалымат azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5608