"Вакансиялар көбүрөөк болуп калды". Москвада жашаган Кыргызстандык мигранттар
RU

"Вакансиялар көбүрөөк болуп калды". Москвада жашаган Кыргызстандык мигранттар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жакында эле депутат Акылбек Жапаров Москванын мэри Сергей Собяниндин Россиянын борборунда иштей турган адамдар жетишсиз деген билдирүүсүнө шилтеме берип, "Москвага кыргызстандыктарды эшелон-эшелон кылып жөнөтүш керек", деп айтканы бар. Анын айтымында, Кыргызстан пандемия учурунда кайтып келген мигранттарды иш менен камсыздай албайт.

Kaktus.media кыргызстандык мигранттар пандемиядан кийин Москвада кантип тиричилигин өткөрүп жаткандарын сурады. Вакансиялар көбөйдү дегени, чынбы? - деген суроолорду узатты.

Нургүлдүн окуясы: Кыргызстандыктар ипотека квартира ала башташты

Нургүл айымдын Москвага барганына 18 жыл болуптур. Азыр ал "Ак-Буура" коомдук бирикмесинин жетекчиси, жана жеке кыймылсыз мүлк агенттиги бар.

Карантин жарыялангандан кийин көпчүлүк Кыргызстандыктар шок абалында калышты. Жакшы жумушта, жакшы айлык алып иштегендери калышты, ал эми калгандары мекенине кетип калуу аракеттерин көрүштү. Айрымдары калып калууну эле чечишкен. Бирок кеткендер да калгандары, да кыйналышты.

Нургүлдун айтымында, учурда Москвада вакансиялар көп, жумуштун жакшыраагын тандоого мүмкүнчүлук бар. Ошону менен бирге айлык акы да жогорулады. Мисалы мурда, ашпозчулар, менеджерлер күнүнө 1,5 миң алышса, азыр алардын ставкасы 2 миңге чейин көтөрүлгөн.

Андан тышкары, батирлердин арендасы кыйла төмөндөдү. Эгер мурда эки бөлмөлүү батир 45 миңге ижарага берилсе, азыр ошондой эле үйдү 30-35 миңге тапса болот.

"Мен өзүм бул чөйрөдө иштейм да, кыймылсыз мүлк агенттигим бар. Дагы бир белгилей кетчү жагдай, кыргызстандыктардын көбү ипотекага батир ала башташты", - деди ал.

Санжардын окуясы: Жок дегенде азык-түлүк алганга жетип турсун деп иштедим

Санжар карантин учурунда да жумушун токтоткон эмес. Жок дегенде азык-түлүк алганга жетип турсун деп, ишин улантты. Санжар Москвада таксисит болуп иштейт.

Карантин учурунда эл катары эле кыйналдым. "бир күн иштеп тапканым, тамак-ашка эле жетет. Ошентсе да, менден да оорураак абалга түшүп калгандрга жардам бергенге аракет кылдым. Балдар менен акча чогултуп, такыр жумушсуз калгандарга азык-түлүк сатып алып таратып жаттык", - деди ал.

Азыр салыштырмлуу жеңилирээк болуп калды. Мурункуга салыштырмалуу жумуш да көп, ошондуктан бул жака келгендер ишсиз калбайт. Айлык акы да жогорулады.

Айперинин окуячсы: Карантин биз үчүн мекен, туугандар канчалык маанилүү экенин көрсөтүп койду.

Айперинин айтымында, ал Москвадагы гипермаркеттердин биринде ашпозчу болуп иштейт. Карантин учурунда кафе-ресторандардын бардыгы убактылуу жабылганына карабастан, расмий түрдө жумушка киргендерге жеңилирээк болду. Алардын жумуш келишими бар, каттоосу бар. Ал эми мыйзамсыз келгендер кыйналды.

"Өзгөчө Москвага жаңы эле келип, акча чогултуп жетишпей калгандарга оор болду", - дейт Айпери.

Анын айтымында, жумушсуз калган тааныштары Кыргызстанга кетип калууга аракет кылышты.

"Карантин биз үчүн мекен, туугандар канчалык маанилүү экенин көрсөтүп койду. Биз мурда ойлочубуз да, ашып кетсе төрт саатта Кыргызстанга жетип барабыз деп. Бирок чек аралар жабылганда, самолеттор учпай калганда, керек болсо акчасы бар, жогору жакта тааныштары барлар да чыга албай калышпадыбы. Ошондо көп нерсени башкача кабыл алып, башкача мамиле кыла баштайт экенсиң", - деди ал.

Ал эми Айперинин жолу бар экен. Анын жумуш берүүчүлөрү кызматкерлерине бардык шарттарды түзүүгө аракет кылышкан. Алар элден заказдарды кабыл алып, үйлөрүнө жеткирип берип жатышты. Айлык өзгөрүүсүз калып, туруктуу берилип жатты.

Элмиранын окуясы: Кыргыздар той бергенин токтотушкан жок

Элмира Москвада 15 жылдан бери жашайт, ал "Баткен биримдиги" фондун жетектеп, биздин жарандарга финансылык консультация берип турат.

"Кыргызстандыктарга финансылык кат сабаттуулукту үйрөтүү зарыл. Бул акчаны туура пайдаланып, чоглутуп, жумуш жоготуудан же экономикалык кризистен улам боло турган стрессти алдын алууга жардам берет эле", - дейт Элмира.

Чек аралар жабылганда бир топ мигранттар паникага алдыртып, батирлеринен чыгып кетишкен, аэропортто түнөп, бардык күч аракети менен кетип калууга умтулушту.

"Азыр кайрадан иштер аз-аздан ачыла баштаганда жумушчулар жетишсиз болгону байкала баштады. Анткени, бул боюнча билдирүүчүлөрдөн анан жумуш берүүчүлөрдөн бизге болгон кайрылууларынан улам айта алабыз. Мигранттарга кайра кирүүгө мүмкүнчүлуктөр чектелип, чындыгында жумуш орундары бош калды. Бирок айлык акылары көтөрүлгөн жок, анткени, ишканалар ж. б. мекемелердин баары кризис абалында.

Кафелерди баягыдай эле кыргыздар толтуруп - той, туулган күн, коомдук отуруштар, жентек той, куран окутмай , ипотекага алган үйлөрдү жууп бермей дегендер менен алек",- деп Элмира айым айтып берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/560