Нуржигит Кадырбеков "кыздарым казакча сүйлөп баштады" деп арызданды
RU

Нуржигит Кадырбеков "кыздарым казакча сүйлөп баштады" деп арызданды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 17-февралда өткөн парламенттин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков кыздарынын казак тилинде сүйлөй баштаганына арызданды.

Анын айтымында буга Казакстандын "Балапан" деген балдар каналы себепкер.

"Кыздарым казактардын балапан деген телеканалын көрүп отуруп, казакча сүйлөй баштады. Себеби 24 саат бою бул телеканал казак тилиндеги мультфильмдерди берет экен. Азыркы тапта, кудайга шүгүр, каалаган тилде контенти ютубдан таап алат. Бирок, биздин "Баластандын" жарымынан көбү расмий тилде болуп жатат. Ошону толук кыргыз тилине өткөрүш керек.

Бул оңой нерсе эмес, албетте. Мамлекеттик тилди зордоп, административдик ыкмаларды колдонуп үйрөтө лбайсың. Ошондуктан, таалим-тарбия идеология менен үйрөтөбүз да. Контентке акча керек, өкмөт продюссерлик борборлорго акча бөлүп, андан кийин котормучаларды тартып, ушул багытта иштейли", - дейт депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5610