Милиция кызды суицидден сактап калган окуя эсиңердеби? Чынында, бардыгы башкача болгон
RU

Милиция кызды суицидден сактап калган окуя эсиңердеби? Чынында, бардыгы башкача болгон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

3-февралда Ысык-Көл облусунун ИИБси "Балыкчы шаарынын участковыйы өз жанын кыйып сууга секирүүгө аракет кылган кызды куткарып калды", - деген билдирүүнү тараткан.

Kaktus.kg редакциясына Балыкчы шаарын тургуну Гүлнара эже кайрылып (аты өзгөртүлгөн), окуянын чоо-жайын айтып берди. Жабыркаган кыз сегизинчи класстын окуучусу, эженин өз кызы экен. Аны 2-курстун студенти зордуктап койгон. Милиция өзүн-өзү өлтүрүү аракети тууралуу эч кимге айтпайбыз деп убада беришкен. Бирок өзүн жарнамалоо максатында бардык маалымат каржаттарына билдирүү жөнөтүшкөн, дейт Гулнара эже.

Анын айтымында, 2021-жылы жайында, 2006-жылы туулган кызы Айнура (аты өзгөртүлдү), интернет аркылуу Улан (аты өзгөртүлдү) деген жигит менен таанышат. Ал бишкектен Балыкчыга келип, экөө жакындан сүйлөшө башташат.

"Улан да көлдүк, Ак-Сай айылынан болот. Айылына тез-тез каттап турчу экен. Ары бери өткөн сайын Балкчыга токтоп кызым менен жолугушат", - деп Айнуранын апасы айтып берди.

Ал кызынын бирөө менен сүйлөшүп жүргөнүн кийин эле байкайт. Себеби Айнуранын мүнөзү өзгөрүп, арыктап да кетет.

"Көрсө сабагына да барбай, Улан менен жолугушуп жүрүптүр. Бул анын биринчи сүйүүсу да, аны сүйүп, ага аябай ишенип алыптыр. Улан 20 жаштагы чоң жигит, кызымды алдап, мейменканага киргизип, ошол жерден зордуктап коюптур", - деп билдирди.

Кызы зордукталганын апасына дароо айтпайт.

"Тамак ичпей, арыктап кетти. Күн алыс ыйлай берчү. Сүйлөшсөм, белинин төмөн жагы, жыныс кыны, көчүгү ооруп жатканын айтты. Мен дароо аны ооркунага алып барайын дедим. Ошондо ыйлап, Улан аны зордуктап койгонун айтты. Милицияга чалып арыз жазайын десем болбой койду. Аны аябай сүйөөрүн, ал ага үйлөнө турганын айтты. Милицияга барсам, өзүмө кол салам, деп коркутту. Мен чоочулап, ошону менен токтоп калгам", - дейт Гүлнара эже.

Врачтан келгенден кийин кызы Уланга телефон чалса, аны менен сүйлөшкүсү келбей калганын, ошондуктан Балкычыга келбей жүргөнүн айтыптыр. Ошол эле учурда Айнуранын кыздыгын алганын моюндаган.

"Мен кайра милицияга кайрылайын десем, кызым кайра мени "өлүп алам" деп токтотту. Акыры баланын үйүнө бармай болдук. Уландын ата-энеси дароо бизге акча сунуштап, кызымды келин кылып алабыз деп башташты. Мен кызымды күйөөгө берейин деген оюм жок болчу. Алар милицияга кайрылбагыла, деп жалдырап, суранышкан. Анын үстүнө кызым да милицияга барбаңыз деп көгөрүп туруп алды. Айнура үйдөн качып, эки жолу кан тамырын кесүүгө аракет кылды. Убакыт өтүп, Уландын ата-энеси бизди кайра коркута башташты. Зордуктоону далилдеп бере албайсыңар, деп. Бул сөздү уккан кызым, үйдөн качып, кайра өз жанын кыйганга аракет кылды. Так ошол учурда милиция маалымат каражаттарына сегизинчи класстын кызы зордукталып, ошондуктан өз жанын кыйганга аракет кылган, деген билдирүү таратышыптыр", - деп Гүлнара эже айтып берди.

Азыркы тапта Айнура мектепке барбайт. Милиция анын зордукталганын жана өзүнүн өмүрүн кыюуга аракет кылганын сыр бойдон сактайбыз деп убада беришкен. Бирок өзүн жарнамалоону көздөп бардыгын мугалимдерге айтып, маалымат каражаттарына таратышкан.

"ЖМКдагы ызы-чуудан кийин Балыкчы шаарынын мэриясы кийлигишип, Айнурага онлайн окууга уруксат беришкен. Үй-бүлөбүз менен шаардан кетип калалы деп жатабыз. Анткени укук коргоочу органдагылар 15 жашар кызды куткарып калгандын ордуна анын кайгысын элдин барына жайып салышкан. Ал болгону сүйүүгө ишенип, алданып калган өспүрүм кыз", - деп Гүлнара эже айтып берди.

Бүгүнкү күндө шектелүүчүгө карата тергөө иштери жүрүп жатат. Бирок жабырлануучулардын айтымында, милицияга ишеним жок, алар шектүүнүн тарабына туруп алышы деле мүмкүн.

"Жогору жактагылар айыптууларга карата тиешелүү чаралардын бардыгын көрөт деп ишенем", - дейт кыздын апасы.

ИИБ берген комментарий

Ысык-Көл облусунун ИИБси Kaktus.kg'ге бул окуя боюнча комментарий берди.

2022-жылдын 17-январында Балкычы ИИБсине жергиликтүү тургун кайрылып, 2021-жылдын ноябрь айында 19 жаштагы У.И. анын 15 жаштагы кызы менен жыныстык катнашта болгонун билдирген.

Арыз каттоого алынып, КРдин Жазык кодексинин "16 жашка чыга элек балага карата сексуалдык мүнөздөгү иш аракеттер" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Аялдын айтымында анын 15 жаштагы кызы жана 19 жашар У.И. сүйлөшүп жүрүшкөн. "Ал өспүрүм кызга үйлөнөм деген шылтоо менен жыныстык катнашка барган", - деп милицияга билдирген. Кызы так эле ушундай көрсөтмө берген.

19 жаштагы жигит кыз менен тааныш экенин тастыктап бирок жыныстык катнашка барганын мойнуна алган эмес.

2-февралда эки тарап беттешип (очная ставка), У.И. өспүрүм кыз менен жыныстык катнашка барганын кайрадан жокко чыгарды.

Ошол эле күнү болжол менен саат 18:20да жабыркаган кыздын апасы телефон чалып, 15теги кызы колуна бычак алып, көл жээкте өзүн өлтүрөм деп жатат, деп билдирген.

"Милиция кызматкерлери аны менен сүйлөшүп, бул ишке барбоого көндүргөнгө аракет кылган. Ошого карабастан өспүрүм кыз сууга секирген. Милиция кызмткери Бакиров кошо сууга секирип, кызды алып чыгып, андан кийин ооруканага өткөрүп беришкен", - деп милициядан билдиришти.

Кыздын апасынын айтымында, беттештирүү учурунда жигиттин жыныстык катнашка барганын мойнуна албаганына таарынып, кызы өз өмүрүн кыйганга аракет кылган.

Аталган факт боюнча тиешелүү иш чаралардын бардыгы жүргүзүлүүдө, жакын арада иш сотко жөнөтүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5612