26-февраль иш күн, унуткан жоксуңарбы?
RU

26-февраль иш күн, унуткан жоксуңарбы?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эскерте кетсек, министрлер кабинети майрам күндөрүн иш күндөрүнө жылдыруу чечимин кабыл алган. Буга байланыштуу ишемби – 26-февраль иш күн болот.

Буга чейин 1-9-январды беш күндүк жумушчу график менен иштегендер үчүн дем алыш деп жарыялаган.

Ага ылайык:

  • 2022-жылдын 15-январындагы дем алыш күнү 4-январдагы иш күнгө
  • 26-февралдагы дем алыш күнү 5-январдагы жумуш күнгө
  • 26-марттагы дем алыш күн 6-январдагы жумуш күнүнө жылдырылган.

Маалым болгондой, 1, 5 жана 9-май да майрам күнү болуп, Орозо айт майрамы май айынын биринчи күндөрүнө туура келгендигине байланыштуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан 1-майдан 9-майга чейинки мезгилди жумуш күнү эмес катары жарыялоо сунушу киргизилген. Бирок, май айындагы майрам күндөр боюнча чечим азырынча чыга элек.

2022-жылы майрамдык календардык күндөрдүн көптүгүнө байланыштуу 23-февраль, 7-апрель, 7- жана 8-ноябрь дем алыш күндөрүнүн статусун кароо боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгаруу маселеси да каралууда. Бирок, азырынча, 23-февраль эс алуу күнү.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров май майрамдарын жылдыруу боюнча акыркы чечим 2022-жылдын биринчи кварталында кабыл алынарын белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5615