Кыргызстанга 78 ири мүйүздүү бодо малды мыйзамсыз алып кирүү аракети көрүлдү
RU

Кыргызстанга 78 ири мүйүздүү бодо малды мыйзамсыз алып кирүү аракети көрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 10 күн ичинде кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан контролдук-өткөрмө пункттарына жакын жердеги товарларды эсепке алуу пункттарынан уруксат берүүчү документтерсиз 878 ири мүйүздүү бодо малды ташып кирүү аракеттерин аныкташты. Мындай маалыматты Салык кызматынын басма сөз бөлүмү тараткан.

Тактап айтканда, "Чалдовар авто жолу" контролдук-өткөрмө пунктунда 828 ири мүйүздүү малды, "Ак-Тилек авто жолу" контролдук-өткөрмө пунктунда 50 ири мүйүздүү малды алып өтүүгө аракет кылган автоунаалар кармалган.

Импорттоочуларда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок болгон.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилди, деп МСКнын басма-сөз кызматы билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/561