Афганистанда үч күндөн бери кудукка түшүп кеткен баланы куткарып жатышат
RU

Афганистанда үч күндөн бери кудукка түшүп кеткен баланы куткарып жатышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Афганистандын Забуль аймагында 10 жашар бала терең кудукка түшүп кетти, деп Al Jazeera телекомпаниясы билдирди.

Хайдар аттуу бала 15-февралда 27 метрлик кудукка түшүп кеткен. Анын ата-энеси куткаруучуларды чакырып, алар үч күндөн бери баланы чыгаруу аракеттерин көрүп жатышат. Куткаруучулардын маалыматы боюнча бала 10 метр тереңдикте.

Окуя болгон жерге тез жардам кызматы чакыртылган. Баланы куткаруу операциясы 48 сааттан бери уланып жатат.

Буга чейин Мароккодо, беш жаштагы Раян 30-метрлик кудукка түшуп кеткен. Раянды беш күндөн кийин алып чыгышкан. Тилекке каршы, өтө кеч болуп калган. Аны ооруканага тез жардам менен алып бараткан учурда үзүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5628