Саламаттык министри: Өлкө боюнча АЗСтер жабылат
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкө боюнча май куюучу жайлар жабылат деп Kaktus.kg'ге билдирген. Текшерүүдөн өтө албай калгандар жабылат, деп министр баса белгиледи.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө санэпидемстанциянын эскертүүсү менен үч АЗС жабылды. Мекемелер санитардык талаптарга жооп берген эмес.
"Мундай текшерүүлөр өлкө боюнча жүрөт. Бүгүн да бир нечесин жабуу каралууда", - дейт Бейшеналиев.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/5629