Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандан чыгып кетти
RU

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандан чыгып кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кетти. Бул маалыматты анын пресс-катчысы Толгонай Стамалиева тастыктады.

Жээнбеков бүгүн эртең менен "Манас" эл аралык аэропортунан Стамбулга учуп кеткен.

Стамалиеванын айтымында, Кыргыз Республикасынын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков кичи ажыга, Умрага жөнөдү. Жээнбеков жубайы менен Стамбулга конушат, андан ары Сауд Аравиясына, Джида шаарына барышат.

"Бул сапарга экс-президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Аравиясынын падышасынын чакыруусу менен жөнөп кетти", - деп белгиледи Стамалиева.

Экс-президент бул сапарын 2020-жылдын ноябрь айында эле пландай баштаган. Пандемияга байланыштуу зыяратчыларды кабыл алууга чектөө киргизилген. Ага ылайык, ажылыкка бара тургандар расмий чакыруу алуусу керек.

Чакыруу февраль айынын башына, деп келген. Кичи хадж 10 күнгө созулат, андан кийин Жээнбеков Бишкекке кайтып келет.

Эске алсак, Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын 15-октябрында массалык баш аламандыктардан улам отставкага кетүүгө аргасыз болгон.

Андан тышкары, Жээнбековду жоопкерчиликке тартуу талабы менен ИИМге жана УКМКга октябрь окуяларынын катышуучулары кайрылышкан. Алардын пикири боюнча, экс-президент 5-октябрда өткөн митингди күч колдонуп таратууга акысы жок болчу. Ошондой эле, ал Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча сотко чакырылмак. Бирок, анын адвокаты Жыргалбек Бабаев, анын жакталуучусу сотко келбей турганын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/562