Акжол Махмудов Болгарияда өткөн мелдештин жарым финалында утулуп калды
RU

Акжол Махмудов Болгарияда өткөн мелдештин жарым финалында утулуп калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Болгарияда өтүп жаткан Dan Kolov - Nikola Petrov эл аралык турниринин жарым финалында утулуп калды.

Ал үй ээси, болгариялык Айк Мнацаканян менен күрөшүп, беттеш 4:2 эсеби менен аяктаган. Балбандар экинчи бөлүккө өтүп, эсеп саны 1:1 болуп турганда атаандашы Акжолду партерден көтөрүп, эки упайга ээ болду. Бирок ал көтөргөндө Акжол каршылашын басып жыгылып, тегерек чийинден сүрүп чыгарган. Бул үчүн кыргызстандык балбанга бир упай берилди. Буга макул болбой машыктыруучу челлендж ыргытса, болгариялык балбан ортого түшкөн челленджди четке ыргыта тепти.

Натыйжада калыстар машыктыруучунун талаштуу сурамын канааттандырган жок. Мындан улам каршылашына дагы бир упай берилип, беттеш 4:2 эсеби менен жыйынтыкталды.

Кыргызстандын Күрөш федерациясы Instagram баракчасы аркылуу Бириккен күрөш уюмуна даттанган.

Маалымат Sputnik.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5643