"Сахароводогу" миграциялык борбордо кыргызстандыктар өзүнчө тейленет
RU

"Сахароводогу" миграциялык борбордо кыргызстандыктар өзүнчө тейленет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

19-февралдан тартып Евразия экономикалык бирикменин мүчө өлкөлөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары "2А" бөлүмүндө өзүнчө тейленет. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, мындай чара Кыргызстандын жарандарына Көп функционалдуу миграциялык борбордон (ММЦ) кечке кезек күтүп отурбай тезирээк өтүүгө шарт түзөт.

Мындан мурун медициналык күбөлөндүрүүдөн, дактилоскопиялык каттоодон жана сүрөткө түшүүдөн өтүү көп убакытты талап кылууда деген арыздар келип түшкөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5646