Кара-Балтанын тургуну 12 жашар уулу менен спортзалда жашоого аргасыз
RU

Кара-Балтанын тургуну 12 жашар уулу менен спортзалда жашоого аргасыз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

43 жаштагы Алишер Асатулаев 12 жаштагы уулу менен Кара-Балта шаарындагы №4 мектептин спорт залына көчүп барды. Бул аргасыздыктын айласы. Себеби, ошол мектеп спортзалынын ремонтун жасатып жаткан подрядчик Алишерге жана башка жумушчуларга бир нече айдан бери айлыктарын бербей келет.

Алишер уулу менен көчүп барганына бир нече күн болуп калды. Анын айтымында, бригадада беш киши бар, алар мэриянын тендери боюнча спортзалдагы оңдоо иштерин аткарып жатышкан. Бирок, кезектеги иштердин этабы аткарылгандан кийин, подрядчик алардын айлыктарын бербей койгон.

"Алар мага 150 миң сом карыз", - дейт Алишер.

Айлык берилбей калгандыктан ижарага алып жашап жүргөн үйүн бошотуп берүүгө туура келди. Себеби акчасын өз маалында төлөй албай калган.

Алишер Асатулаев мэрияга кайрылганы менен эч кандай чаралар көрүлө элек.

"Шаардын мэрине (Данияр Шакирбаев) жолуксам, "Эмне керек?" деп орой сүйлөдү. Бардыгын айтып берейин дегем, ал мени уккусу да келген жок. Кетип калды", - дейт Асатулаев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5652