Медет Садыркуловдун жубайы Садыр Жапаровго кайрылды
RU

Медет Садыркуловдун жубайы Садыр Жапаровго кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызсандын президентинин администрациясынын экс-жетекчиси, киши колдуу болгон Медет Садыркуловдун жубайы Айнагүл Садыр Жапаровго кйарылып, кылмыш ишин өз көзөмөлүнө алып, Санжар Сапарбековду жазага тартууну суранды.

Медет Садыркулов, Кубат Сулайманов жана Сергей Слепченконун өлүмү тууралуу соттолуучу учурда камакта. Санжар Сапарбеков өзгөчо оор кылмыштарды жасаган деп жети берене боюнча айыпталууда.

  • Уюшкан кылмыштуу топту түзүү жана ага катышуу;
  • Киши уурдоо;
  • Уюшкан кылмыштуу топ менен жана анын курамынджа кол салуу;
  • Автотраснпорттук каражатты уурдап качуу;
  • Кылмыштуу топтун курамында мыйзамсыз эркинен ажыратуу;
  • Топ болуп адамды кыйноо;
  • Бир нече кишини өлтүрүү.

Садыркулова белгилегендей алгачкы соттук отурум 7-февралда үч жесирдин катышуусу менен бирок күбөлөрү жок өттү. Алдын ала угуулар 25-январда болуптур, бирок жабырлануучуларга алдын ала маалымат берилген эмес. Алдын ала угуулар жөнүндө кокусунан эле билип калышкан.

Айнагүл Садыркулованын бир нече суроосу бар: Санжар Сапаровбековду кокусунан эле бир тууганы менен кафеде отурган жеринен камакка алышкан. Бир тууганы башка кылмыш ишине шектүү. "Эмне үчүн мамлекеттик чек араны өтүп жатканда камакка алынган эмес? Ал эл аралык издөөгө салынбады беле?", - дейт Айнагүл.

Андан тышкары ал төрагалык кылган судья Бакыт Касымалиев тараптан да мыйзам бузууларды санап өттү.

Соотун мыйзам бузуулары

  • Алдын ала угуулар боло турганын маалымдашкан эмес
  • Айыптоочу актыда үч күбө, юирок соттук отурумга чакырыла тургандардын тизмесинде эч ким жок.

Айыпталуучу тараптан адвокаттан башка сотко эч ким келбейт. Ал кутулуп кетээрине көзу жетип тургандай өзүн алып жүрөт. Биз Садыркуловдун жесири жана кыздары, Слепченко менен Сулаймановдун жесирлери адилетүүлүктү талап кылабыз.

Садыркулованын айтымында, коюлган айыптоолорду эске алганда Сапарбеков өмүр бою эркинен ажыратылууга тийиш.

"Сапарбеков Максим Бакиевдин жакын досу, ал Жаныш жана Курманбек Бакиевдердин тапшырмасы менен киши өлтүрүу буюртмасын ишке ашырган", - дейт Айнагүл Садыркулова.

Садыркуловдордун үй-бүлөсү президент Садыр Жапаровго кайрылып, Кыргызстандын Конституциясынын гаранты катары резонанстык кылмыш ишин жеке көзөмөлүнө алууну суранат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5653