Бишкекте авария болуп 6 машине жабыркады (видео)
RU

Бишкекте авария болуп 6 машине жабыркады (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2-февралда, кечинде, массалык жол кырсык болду. Toyota Avensis үлгүсүндөгү унаа беш башка машинени сүзгөн. Бул тууралуу Kaktus.media'га жабыркагандардын бири билдирди.

Анын айтымында, окуя болжол менен 21:00до, Касымалы Баялинов жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде болду. Алдын ала берилген маалыматка ылайык, Toyota Avensis'тин айдоочусу жолдун четинде токтоп турган машинелердин бирин сүзгөн, андан кийин карама каршы жолго чыгып кеткен. Кайра өз полосасына келүү аракетин көрүп, СТОнун жанында токтоп турган дагы төрт унааны сүзгөн.

Жабырлануучунун айтымында Toyota Avensis'тин шопурунда айдоочулук күбөлүгү жок болчу жана ал мас абалында экен.

Жабыркагандар жок. Кырсык болгон жерге кайгуул кызматы чакырылып, массалык авариянын себептери аныкталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/565