Кыргызстандык окуучу программалоо боюнча эл аралык мелдештен алтын медаль алды
RU

Кыргызстандык окуучу программалоо боюнча эл аралык мелдештен алтын медаль алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз өлкөсүнөн Айдар Мундузбаев Info(1) Cup программалоо боюнча эл аралык мелдеште алтын медаль жеңип алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-13-февралда жеткинчектер арасында программалоо боюнча VI эл аралык мелдеш өткөрүлдү.

Сынакка дүйнөнүн 14 өлкөсүнөн, атап айтканда, Армения, Болгария, Венгрия, Грузия, Египет, Испания, Италия, Кипр, Кыргыз өлкөсү, Молдова, Орусия, Румыния, Сирия жана Украинадан 16 жашка чыга элек 160 окуучу катышкан.

Кыргыз өлкөсүнүн командасында төмөндөгү окуучулар мелдешке катышты:

  • Байторо Майрамбеков -Талас шаарындагы "Манас-Ата" лицейинин 9-классынын окуучусу;
  • Айдар Мундузбаев - Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу;
  • Максат Темирбеков - Бишкек шаарындагы "Кут-Билим" окуу-тарбия комплексинин 9-классынын окуучусу;
  • Исхак Тажибаев - Бишкек шаарындагы "Кут-Билим" окуу-тарбия комплексинин 8-классынын окуучусу.

Мелдештин жыйынтыгында Айдар Мундузбаев алтын медал жеңип алды.

Сынакты Румыниянын Прахова округунун Алдыңкы тажрыйба борбору уюштурду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5667