Мугалимдерди шылдыңдагандарды жазага тартуу сунушталды
RU

Мугалимдерди шылдыңдагандарды жазага тартуу сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин сайтында мугалимдерди мазактагандарды жазага тартуу камтылган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Анын негиздемесинде мугалимге окуучулар менен катар алардын ата-энелери жаман сөз айтып, адепсиз мамиле жасап, кордоп тийишкен, мазактаган, атүгүл кол салган окуялар көбөйгөнү жазылган. Мунун баары педагогдун коомдогу өзгөчө укуктук макамынын төмөндөшүнө алып келгени белгиленген.

Эгер мыйзам колдоо таап, кабыл алынса, жаза катары 2 же 3 миң сом айыппул салынат. Мындай жорук кайталанса чоңдорго 5 миң сом айыппул салынат же аларга карата 3-5 күндүк административдик камак чарасы көрүлөт. Ал эми окуучуларга 4 миң сомдук айыппул салынат.

Мыйзам долбоорунун авторлору – Жогорку Кеңештин депутаттары Аманкан Кенжебаев жана Мирлан Самыйкожо.

Соңку кездери интернетте мектепте мугалим менен окуучулар айтышып, шылдыңдаган, бири-бирине кол көтөргөн видеолор көп тарай баштады. Айрымдары боюнча териштирүү жүрүп, мугалимдер иштен алынганы маалым болгон.

Маалымат azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5670