Тилек Токтогазиев эскертти, Кыргызстандагы кумшекер менен май бир нече айга эле жетет
RU

Тилек Токтогазиев эскертти, Кыргызстандагы кумшекер менен май бир нече айга эле жетет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айыл чарба министрлик кызматын өткөрүп берип жатып, Тилек Токтогазиев жакын арада азык-түлүк кризиси башталат, деп эскертти. Анын айтымында, өлкөдө кумшекер жана суумайдын запасы чектелүү. Ушундай көйгөйлөр менен жаңы министр иштеш керек болот.

"Жакынкы аралыкта жана жай айларында да буудай маселеси курч болот. Кумшекер боюнча айта турган болсом, Кайыңды заводунда болгону 18 миң тонна жана ар кайсы кампаларды болжол менен 8 тонна бар. Бирок, алар фермерлерге таандык. Бул запас ашып кетсе үч айга жетет. Анын негизги себеби - контрабанда. Ал ири көлөмдө Тажикстанга жана Өзбекстанга ташылып жатты. Биз өз тарабыбыздан чара көрүү керектигин айтканбыз, тилекке каршы, бизди эч ким уккан жок. Суу май боюнча. Бизде дагы беш айга чейин калкты камсыздоого жете турган запас бар", - деди ал.

Анын айтымында, Улуттук статкомдун азык-түлүк запасы боюнча берген данныйлары факт жүзүндөгү данныйдан айырмаланат.

Ошондой эле Токтогазиев, кийинки түшүм мурунку жылга салыштырмалуу эки эсе аз болушу мүмкүн, деп айтты. Ал, болочок министрге бул көйгөйдү өнөктөштөр жана донорлор менен иштеп чыгып, сүйлөшүү керектигин сунуштады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/567