Транспорт министрлигинин эки инспектору коррупция менен кармалды
RU

Транспорт министрлигинин эки инспектору коррупция менен кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Транспорт жана коммуникация министрлигинин салмак-габариттик көзөмөл пунктунун эки инспектору камалганын билдирди. Атайын кызмат тараткан маалыматта, алар "жүк ташыган машинанын айдоочуларынан такай мыйзамсыз акча жыйнап алып турганы аныкталды", деп айтылат.

УКМК былтыр жыл аягында дагы аталган министрликтин инспекторлору менен салыкчылар жемкорлукка шек саналып камалганын билдирген. Андан бир ай мурун бул мекеменин Баткен аймактык башкармалыгынын транспорттук көзөмөл пунктунун жооптуу кызматкерлери кармалган.

Статистикага ылайык, Кыргызстан 67-80% чейин товарларды сырттан импорттойт. Андагы аткезчилик жана мыйзамсыз ишкердиктен турган көмүскө экономиканын көлөмү ички дүң өнүмдүн 37% барабар. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бажы жана салык тармагындагы чийимдерди аныктап, экономиканы көмүскөдөн чыгаруунун эсебинен 2024-жылга чейин мамлекеттик бюджетти 600 миллиард сомго чейин толтурууга убада берген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5680