Жарык өчүшү мүмкүн! Токтогулда суу азайып, Энергохолдинг элге кайрылды
RU

Жарык өчүшү мүмкүн! Токтогулда суу азайып, Энергохолдинг элге кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токтогул суу сактагычында суу азайып кеткенине байланыштуу Улуттук энергохолдинг калкты жарыкты үнөмдөп пайдаланууга чакырды.

Суу сактагычта суунун көлөмү 8,4 миллиард метр кубга чейин азайып кеткен. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 миллиардга аз.

22-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8,4 миллиард метр куб көрсөткүчкө чейин азайып кетти. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 миллиардга төмөн.

Агып кирген суунун орточо суткалык көлөмү чыккан суудан үч эсеге аз болууда. Энергетикалык компаниялар суу ресурстарын үнөмдөө жана алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча бардык чараларды көрүп жатканы белгиледи.

Ошондой эле 2021-жылдын апрелинен 2022-жылдын 20-февралына чейинки мезгилде бөлүштүрүүчү компаниялардын электр энергиясын лимиттен ашыра пайдаланганы байкалган.

"Электр энергиясын керектөөнүн өсө бериши Токтогул суу сактагычында суунун азайышына жана жарыктын өчүшүнө алып келиши мүмкүн. Буга байланыштуу Улуттук энергохолдинг элди энергетика тармагындагы түзүлгөн кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылып, жарыкты үнөмдөп пайдаланууга чакырат", - деп жазылган маалыматта.

Компания белгилегендей, 2021-жылдын 1-октябрына карата суу сактагычтагы суунун деңгээли 12,3 миллиард куб метрди түзгөн. Жалпысынан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн республикага 6-8 миллиард куб метр суу керектелет.

Маалымат sputnik.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5682