Финполициянын мурунку жетекчилеринин бири Жамгырчиев "Кукушканы" ырдады. Видео
RU

Финполициянын мурунку жетекчилеринин бири Жамгырчиев "Кукушканы" ырдады. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын жетекчисинин экс-орун басары Эмил Жамгырчиев Ата мекенди коргоочулар күну менен куттуктап Виктор Цойдун ырын аткары.

Жамгырчиев "Кукушка" деген ырды Самат Дөөлөтбаков менен биргеликте ырдаган.

"Саламатсыздарбы урматтуу мекендештерим, урматтуу досторум. Сиздерди 23-февраль, Ата мекенди коргоо күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Мамлекетибизди көздүн карегиндей сактап, ар дайым эр жүрөктүүлүктүн, намыскөйлүктүн, тайманбастыктын үлгүсү болуп жүрө беришиңизге мен тилектешмин", - деп мурунку чиновник кыргызстандыктарды куттуктады.

Эске салсак, буга чейин Эмил Жамгырчиев менен Бактыбек Калмуратов контрабанда кылмыш ишин оң тарапка чечип берүү үчүн бизнесменден акча өндүргөн деп айыпталган. 2021-жылдын февралында 20 миллион сом өлчөмүндө мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтурушкан. Эки айыпталуучу тең үй камагына бошотулган болчу. Сот учурунда жабырлануучу Эмил Эмилканов айыпталуучуларга болгон доосунан баш тарткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5686