Украинадагы кырдаалдын Кыргызстанга кандай тиешеси бар? Бир сүрөттө көрсөтүлөт.
RU

Украинадагы кырдаалдын Кыргызстанга кандай тиешеси бар? Бир сүрөттө көрсөтүлөт.

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Украинадагы окуялар Кыргызстандын экономикасына кандай таасирин тийгизет? 24-февралдын 16:00го карата Кыргызстанда доллардын курсу 95 сомго көтөрүлдү. Электрондук товар саткан дүкөндөр соодасын токтотушту, анткени доллардын курсу туруктуу эмес болуп турган чакта чыгашага учурап калабыз деп кооптонушууда.

Кыргызстан - импорттон көз каранды өлкө. 2021-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандагы товар айландыруу $7,23 миллиардды түздү. Ошол эле учурда анын 1,66 миллиарды экспорт болсо, 5,57 миллиарды импорт. Башкача айтканда, бардык товар айландыруунун 77,1%ы. Бул маалыматты эске алганда, Кыргызстандын экономикасы негизги соода өнөктөштөрүбүздүн иш аракетинен түздөн-түз көз каранды экени түшүнүктүү. Негизги өнөктөштөрдүн сап башында Росси турганы айтпаса да белгилүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5700