Украинадагы кыргыз жарандарын Германия жана Франция аркылуу чыгарууну суранышты
RU

Украинадагы кыргыз жарандарын Германия жана Франция аркылуу чыгарууну суранышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Германиянын Кыргыз жергесиндеги элчиси Габриэла Геллил жана Франциянын элчиси Франсуа Делаус менен жолугушту. Жолугушуу Германия менен Франциянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын демилгеси менен өттү дешет тышкы саясий ведомстводон.

"Тараптар Украинадагы учурдагы кырдаалды талкуулашып, Германия менен Франциянын элчилери бул маселе боюнча өздөрүнүн өлкөлөрүнүн позицияларын билдиришти.

Руслан Казакбев Тышкы иштер министрлиги Украинадагы Кыргыз жарандарын эвакуациялоо боюнча активдүү иш жүргүзүп жатканын билдирди. Украинанын аба мейкиндигинин жабылышын эске алган министр европалык кесиптештеринен Кыргыз жарандары үчүн Украинага коңшулаш Европа өлкөлөрү аркылуу "жашыл коридор" түзүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү өтүндү.

Мындан тышкары дипломаттар эки тараптуу жана эл аралык форматтардагы кыргыз-герман жана кыргыз-француз кызматташтыгынын маселелерин талкуулашты", - дешти министрликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5719