Жакшы пенсия алууну каалайсызбы? Көмүскөдөн чыгууга убакыт келди!
RU

Жакшы пенсия алууну каалайсызбы? Көмүскөдөн чыгууга убакыт келди!

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча Кыргызстанда орто эсеп менен кичи жана орто бизнесте, ошондой эле тигүү өнөр жайында иштегендердин 75,2%ына салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнбөйт. Мындай шарттарда татыктуу пенсия менен камсыз кылуу дээрлик мүмкүн эмес.

Ченем бир, реалдуулук башка

Эл аралык эмгек уюмунун № 102 конвенциясында 30 жылдык камсыздандыруу стажы (камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө мөөнөтү) бар болгондо "типтүү эмгек акынын" 40% өлчөмүндө пенсиялык камсыздоонун минималдуу деңгээли белгиленген. Эмне үчүн так эле 40%? Пенсионерлердин буга чейин эле, эреже катары, үйлөрү бар, алар балдарды тарбиялоого, окууга, жумушка барууга муктаж эмес, ошондуктан жашоо-тиричилик минимуму эмгекке жарамдуу калктыкына карганда төмөн деп эсептелинет.

Пенсиялык системаны тең салмактоо үчүн бир пенсионерге үч төлөөчү туура келиши керек. Үчтөн азыраак болсо, тынчсыздануу үчүн олуттуу себеп болуп эсептелет. Кыргызстанда камсыздандыруу төгүмдөрүн иш жүзүндө төлөгөндөрдү эске алганда бул катыш болгону 1:0,8ди түзөт.

Бул камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин көптөгөн жеңилдетилген категорияларынын болушуна байланыштуу:

Социалдык фонддун маалыматы боюнча 1999-жылдан тартып 2009-жылга чейин тарифтер дээрлик 12 пайызга – 39дан 27,25ке чейин төмөндөтүлгөн. Алардын ичинен иш берүүчү тарабынан тарифтер 13,75%га (33%дан 17,25%га чейин) төмөндөтүлгөн, ал эми кызматкердин өзү төлөгөн үлүшү 2010-жылы 6%дан 10%га чейин жогорулаган.

Төлөөчүлөрдүн 50,4%ын бюджеттик мекемелердин жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызматкерлери түзөт, алар өз иш берүүчүлөрү менен бирге төлөнгөн төгүмдөрдүн 96,4%дан ашыгын камсыз кылышат.

Салым аз, бирок суроо-талап чоң

Төлөөчүлөрдүн эң чоң категориясы - дыйкан чарбаларынын мүчөлөрү (39,4%), алар төгүмдөрдү жердин аянтына жана асылдуулугуна жараша символикалык белгиленген ставкалар боюнча (7,7 сом) төлөшөт, ошол эле учурда жалданма жумушчулар 4,8 миң сом төлөшөт. Дыйкан чарбаларынын келип түшкөн төгүмдөрүнүн жалпы көлөмүндөгү үлүшү 0,7%ды гана түзөт, мында Социалдык фонддун бюджетинин 40%га жакыны аларга пенсия төлөөгө багытталат.

Так эле жеңилдетилген төгүмдөрдүн эсебинин айынан алардын пенсиясынын өлчөмү камсыздандыруудан эмес, негизинен базалык бөлүктөн турат. Бул теңдемсиздикти жаратып, пенсиянын аздыгына негизсиз нааразычылыкты, аларды жогорулатуу талабын жаратууда.

Ушуга байланыштуу калктын бардык категориялары үчүн пенсиялык системанын бирдиктүүлүгү экономиканын ар кандай тармактарындагы иш берүүчүлөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн дифференцияланган ставкалары менен карама-каршы келет, бул пенсиялык системанын актуардык теңдемсиздигине алып келет.

Миграциянын жана көмүскө экономиканын таасири

2020-жылдын жыйынтыгы боюнча экономикалык активдүү калктын саны 2,6 миллион адамды түзгөн, анын ичинен иш менен камсыз болгон калк - 2,4 миллион, ага жараша камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр болгону 1,1 миллион адам болгон.

Эмгек миграциясын, студенттерди, эркиндигинен ажыратылган жайлардагы адамдарды, күч түзүмдөрүнүн органдарынын кызматкерлерин, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандырууга алынбаган адамдарды эсепке алганда болжол менен 629,3 миң адам калат.

Мигранттарды мамлекеттик социалдык камсыздандыруу менен камтуу маселеси негизинен ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү жана биздин мигранттардын 97%ы жайгашкан Түркия өлкөсүндөгү эмгекчилерди социалдык жана пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууларды түзүү аркылуу чечилди.

"Мындан ары 629,3 миң адамдын болжолдуу түрдө 200 миңи тигүү тармагынын кызматкерлери. Алардын 3,8 миңи гана камсыздандырылганы менен, башкача айтканда тигүү тармагында иштегендердин 98,5%ы келечекте пенсияга чыгуу укугусуз калаарын Соцфонд эскертет. - Калган 429,3 миңи, албетте курулуш, соода, жүк ташуу, транспорт, мейманкана бизнеси, тейлөө жана кыймылсыз мүлк боюнча операциялар чөйрөсүндө иштегендер, башкача айтканда чакан жана орто бизнесте иштеген кызматкерлер. Ири чарба субъектилери баары бир азыраак даражада формалдуу эмес иш менен кириптер болушат.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтары боюнча, алар курулуш чөйрөсүндө формалдуу эмес жумуштуулуктун үлүшү - 84,2%ды, кайра иштетүү өнөр жайында – 75,7%ды, соода тармагында – 69,5%ды, мейманкана ишинде – 86,5%ды, башка кызмат көрсөтүүлөрдө - 78,9%ды, ал тургай саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө (балким, бул жеке клиникалар жана лабораториялар) - 13,4%ды түзгөндүгүн көрсөтөт. Башкача айтканда, 1 млн 84,3 миң адам же формалдуу эмес иш менен камсыз болгондордун 75,2%ы ушул чөйрөлөргө туура келет".

Бул жагдай кичи жана орто бизнестин негизинен атайын салык режиминен пайдаланып, өз ишин ачууда жана жабууда, ошондой эле салыктарды жашырууда мобилдүүрөөк болгондугу менен түшүндүрүлөт.

Ставкаларды төмөндөтүү жардам бере алабы?

Кыргызстанда көптөн бери камсыздандыруу чегерүүлөрүнүн ставкаларын төмөндөтүү сунушталып келет. Бул көптөгөн компаниялардын көмүскөдөн чыгуусуна салым кошушу керек.

Эгерде иш берүүчү 5 же андан көп кызматкерди көрсөтсө, чакан жана орто бизнес үчүн камсыздандыруу чегерүүлөрүнүн ставкаларын 27,25%дан 22%га чейин төмөндөтүүгө даяр. Эгерде кызматкерлердин саны 15 адамдан ашык болсо жана орточо эмгек акысы республика боюнча орточо айлыкка барабар болсо, анда иш берүүчү үчүн ставка 14%ды түзөт.

"Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду бизнеске карай кадам таштап жатат, бизнес дагы социалдык жоопкерчиликке кадам таштап, көмүскөдөн чыгууга убактысы келип жетти", - дейт Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева.

Анын айтымында азыр иш берүүчүлөрдүн 20-25%ы гана реалдуу эмгек акыларды көрсөтүп, чегерүүлөрдү төлөшөт, ал эми дээрлик 70%ы реалдуу эмгек акыдан төмөндү көрсөтүшөт. Эмгек акыны, мисалы, 8000 сом деп көрсөтүшөт, бирок иш жүзүндө 25 миң же 40 миң сомду төлөй алышат, бирок конвертке салып беришет.

Соцфонд бизнес менен жолугушууларда ставкалар төмөндөтүлсө, көмүскөдөн чыгабыз деген убадалар көп айтылып жатканын белгилейт. Ал эми жөлөкпулдардын практикасы тескерисинче көрсөтүп турат. "Тигүү өнөр жайына жеңилдиктер берилди, бирок иш жүзүндө эч ким көмүскөдөн чыккан жок. Тигүүчүлөрдү жумушка алуу жөнүндө кулактандыруулар ар жерде илинип, буйрутмалар түшүп жатса дагы", - деп даттанышат ведомстводо.

Кызыкчылык үчүн Чүй областындагы бир нече жеке тигүү цехтерине көңүл бурдук. Үчөөнүн ичинен үчөөсүндө тең жумушчуларды кабыл алуу жөнүндө кулактандыруулар илинип турат. Интернеттен карасак: бош орундар жөнүндө ондогон кулактандыруулар бар. Көрсөтүлгөн үч башка телефон номерлери боюнча чалып көрдүк. Бардык жерде жумуштун жакшы шарттарын, жогорку айлыкты (жумасына 8 миң сомдон 17 миң сомго чейин (!), айына 30 миң сомдон жогору) сунушташат жана алардын биринде да расмий катталуунун кереги жок. Эч кандай салыктар жок, бул жөн эле эмгек акы", - деп баса белгилешти иш берүүчүлөр.

Цехтердин биринде гана: "Биз расмий жол-жоболоштурбайбыз. Сиз өзүңүз эле патент алгыңыз келбесе, бирок, адатта эч ким мындай кылгысы келбейт. Эл [камсыздандыруу төгүмдөрүнүн маанилүүлүгүн] азырынча түшүнө элек", - деп кыскача билдиришти.

Ошол эле учурда формалдуу эмес экономика кызматкерлердин укуктарын, анын ичинде социалдык коргоого жана татыктуу эмгек шарттарына карата негиз түзүүчү укуктарын ишке ашыруу жаатындагы негизги көйгөй болуп саналат.

2015-жылы формалдуу эмес экономиканын деңгээлине жана анын мамлекеттердин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө тийгизген таасирине тынчсызданган Эл аралык эмгек уюмуна мүчө өлкөлөр "Формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүү жөнүндө" 204-сунушту кабыл алышкан.

Бул документ ратификациялоону караштырбайт, бирок анда бизнести жагымдуу өнүктүрүү үчүн шарттарды, жарандардын эмгек чөйрөсүндөгү укуктарын коргоону, кызмат көрсөтүүлөргө жетүүнү, татыктуу эмгек шарттарын түзүүнү жана колдоону камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрүн берген мыйзамдарды өзгөртүү жана сактоо боюнча мамлекеттердин стратегиялык ишмердүүлүгүнө байланыштуу формалдуу экономикага өтүү боюнча бир катар маанилүү сунуштар камтылган.

Формалдуу экономикага өтүү процессинде ЭЭУнун мүчөлөрү мыйзамдуу жол менен жана практикада формалдуу эмес экономиканын бардык кызматкерлерине, социалдык камсыздоо, энеликти коргоо, татыктуу эмгек шарттарын жана кызматкерлердин муктаждыктарын эске алуу менен минималдуу эмгек акыны бара-бара жайылтууга тийиш, ал тиешелүү факторлорду, анын ичинде, бирок алар менен чектелбестен, өз өлкөсүндөгү жашоо-тиричилик минимумун жана эмгек акынын жалпы деңгээлин эске алмак.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5728