Октябрь окуяларында жабыркагандар Мариповдун премьер-министр болушуна каршы (видео)
RU

Октябрь окуяларында жабыркагандар Мариповдун премьер-министр болушуна каршы (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин алдында Кыргызстандын премьер-министри болуп Улукбек Мариповдун шайланышына каршы болгондор митинг уюштурушту.

Митингге 50гө чукул адам катышып, басымдүу бөлүгу эркектер болушту. Алар 5-октябрдагы митинг учурунда жабыркагандар жана Жээнбековдордун кланына каршы чыккандар.

Митингге чыккандар "Марипов кетсин!", "Депутаттар кетсин!", "Кадр маселесинде реформалар болсун!", деп кыйкырып жатышат.

Алардын пикири боюнча, Марипов "таза эмес", ошондуктан ал өкмөттү башкаруусун каалашпайт.

Чогулгандар жаңы кадрдык орун алмашууларга нааразы, жана кызмат үчүн соодалашуу Кыргызстандын келечегине кесепетин тийгизет, деген пикирде.

Алар президент Садыр Жапаровго кайрылып, өкмөттүн жаңы курамын бекитпөөнү суранышты.

Эске салсак, кечээ, Мариповго каршы үч аял да митингге чыгышкан. Алар премьер-министрдин постунда Артем Новиков эле болуш керек деген пикирде.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/572