Владимир Зеленский: Бул согушту токтотушубуз керек. Тынчтыкта ​​жашай алабыз (видео)
RU

Владимир Зеленский: Бул согушту токтотушубуз керек. Тынчтыкта ​​жашай алабыз (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Украинанын президенти Владимир Зеленский Россиянын жарандарына согушту токтотууга чакырды. Бул тууралуу ал өзүнүн кеңсесинин Facebook баракчасында жарыяланган видеокайрылуусунда билдирди.

"Мени Россиянын жарандары угушун каалайм. Миңдеген курмандыктар, жүздөгөн туткундар эмне үчүн Украинага жиберилгенин өздөрү түшүнбөй жатышат. Алар Украинага өлүү үчүн жөнөтүлгөнүн билбей, башкаларды өлтүрүп жатышат. Канчалык тезирээк бийликке согушту токтотуу керектигин талап кылсаңыздар, сиздердин жарандар да курмандыкка кабылбайт.

Сиздердин жарандардын согушка каршы нааразылык акцияларын уюштуруп жатканын көрүп жатабыз. Азыр Россияда көпчүлүк бийликтин бул жоругуна жана ырайымсыздыгына таң калып жатышат. Бул абдан туура реакция. Ал үчүн сиздерге рахмат.

Леонид Парфёнов, Дмитрий Муратов, Юрий Дудю, Лея Ахеджакова, Валерий Меладзеге жана башка миңдеген абийирдүү орус жарандарына рахмат.

Жөн эле бүт дүйнөгө жалган айтып, жаткандарды токтоткула. Биз бул согушту токтотушубуз керек. Тынчтыкта, глобалдуу дүйнөдө, адамгерчиликтүү дүйнөдө жашай алабыз",-деди Зеленский.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5732