Бишкектин эки округунда кайра шайлоо өтүп жатат. Шайлоочунун саны аз
RU

Бишкектин эки округунда кайра шайлоо өтүп жатат. Шайлоочунун саны аз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 27-февралда Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат. Акыркы шайлоодо добуш берүүгө келгендердин көбү баарына каршы добуш берген.

Свердлов району боюнча шайлоого 25 талапкер, ал эми Биринчи Май шайлоо округу боюнча 27 талапкер катышууда.

Саат 10:00гө шайлоочулардын катышуусу No27 Биринчи Май жана No29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоочулардын саны 5913 шайлоочуну же жалпы шайлоочулардын 2,69%ын түздү.

  • No 27 Биринчи Май шайлоо округу - 1954 шайлоочу, же 1,73%;
  • No 29 Свердлов шайлоо округу боюнча - 3959 шайлоочу, же 3,72%.

Акыйкатчы институту эки округдагы кайра шайлоонун жүрүшүнө көз салып жатканын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5733