Россияга киргизилген санкциялар. Улуттук Банк акча которуулар эмне болоорун түшүндүрдү
RU

Россияга киргизилген санкциялар. Улуттук Банк акча которуулар эмне болоорун түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Улуттук Банкы Россияга карата киргизилген санкциялар, анын ичинде россиялык банктардын SWIFT системасынан чыгарылганы боюнча комментарий берди.

Улуттук Банктын билдиргенине караганда, республиканын банк системасы "туруктуулукту сактап жатат".

"Коммерциялык банктар штаттык режимде иштеп, кардарларга банк кызматтарынын толук спектрин, анын ичинде улуттук жана эл аралык акча которуу боюнча кызматтарды көрсөтүүсүн улантууда. Кыргызстандын банктары корреспонденттик мамилелер боюнча алыскы чет өлкөлөр, ЕАЭБ жана КМШ менен келишимдерди түзгөн. Ал акча, товар жана кызмат көрсөтүү үчүн акча төлөмдөрдү тоскоолдуксуз ишке ашырууга шарт түзөт", - деп Улуттук Банк маалымдады.

Мекеме белгилегендей, өлкөдөгү көпчүлүк коммерциялык банктар SWIFT системасына Улуттук банк аркылуу же түздөн-түз кошулган.

Ошондон улам, Россия Федерациясынын айрым банктарынын SWIFT системасынан өчүрүлүшү Кыргызстандагы банк кардарларынын төлөмдөрүнүн токтотулушуна алып келбейт.

Ошол эле маалда, Улуттук банк койгон талаптарга ылайык, коммерциялык банктарда финансылык билдирүүлөрдү жөнөтүү үчүн алтернативалуу каналдары бар.

"КРдин улуттук төлөм системалары жана акча которуу системалары штаттык режимде иш алып барууда. Башка өлкөлөрдөгү тобокелчиликтердин улуттук төлөм системасына жана акча которуу системасына таасирин тийгизүү коркунучу минималдуу".

КРдин Улуттук Банкы кабарлайт, Улуттук банктын эл аралык резервдеринин көлөмү жетишээрлик, жана келечектеги товарлардын жана кызматтардын импортунун 6 айлык көлөмүн жабат. 2022-жылдын 26-февралына карата Улуттук банктын эл аралык резерви $2 млрд 768 млнду түзөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5742