Улуттук банк паникага алдырбоого чакырды
RU

Улуттук банк паникага алдырбоого чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Соода бүтө элек, кырдаалга жараша Улуттук банк интервенция жүргүзүүгө даяр. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда өткөн брифинг учурунда Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө рынокто накталай акча жетиштүү жана соода жүрүп жатат.

"Зарылчылык жаралса интервенция өткөрөбүз", - деди ал.

Карабаева Кыргызстандын Улуттук банкы резервдерин россиялык банктаарда сактаарын же сактабай турганын ачык айта албагандыгын билдирди. Бирок бул нерсени жылдык отчеттордон көрсө болот. Башка чет элдик банктар тууралуу да маалымат бере албай турганын айтып, мамлекеттик сырга шылтады.

Карабаеванын айтымында, финансылык регулятор инфляцияны 12%дык деңгээлде кармап турат. Ал паникага алдыртып, 25-февралдагыдай долларды алмаштырууга шашылбагыла, деп үндөдү.

Улуттук банктын өкүлү чогулткан каражатты диверсификациялоону сунуш кылды.

"Жумуртканын бардыгын бир идишке салбагыла. Алтын менен, валюта менен, депозит менен деле сактап, кандай милдеттенмелериңер бар экенин унутпагыла", - деп Карабаева жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5743