Шайлообек Атазов: Шайлоодо мен жеңдим деп эсептейм
RU

Шайлообек Атазов: Шайлоодо мен жеңдим деп эсептейм

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутаттыкка талапкер Шайлообек Атазов Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына дагы бир талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиевди добуштарды сатып алды деп айыптады. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Атазов өзү билдирди.

Анын айтымында, учурда БШК Свердлов районунда добуш берүүнүн расмий жыйынтыгын чыгара элек. Талапкер өзүн бул шайлоонун жеңүүчүсү деп эсептейт.

"Бизде Муртазалиевдин адамдары добуштарды сатып алганы боюнча көптөгөн далилдер бар, жадакалса ЖМКлар агитаторлор кармалганын жазып чыгышты. Ал эми милиция дагы деле жыйынтык чыгара элек, бул абдан таң калыштуу", - деди Атазов ачууланып.

Ал сөзсүз түрдө акыйкаттык издей турганын баса белгилеп, шайлоодо жеңип чыкканына ишенип жатканын белгиледи.

Белгилей кетсек, добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча No29 Свердлов шайлоо округу боюнча 423 добуш айырма менен Абдурахманхаджи Муртазалиев лидер болуп чыкты.

Муртазалиев редакцияга ага карата кара пиар жасалып, аброюна шек келтирүүгө аракет кылышканын билдирди. Муртазалиев штабда атаандаштар тарабынан мыйзам бузуулар катталганы менен, ал жана анын штабы эч кимдин үстүнөн арыз жазбай турууну чечкенин баса белгиледи.

"Алар сотко беришсе, албетте, мен өзүмдүн күнөөсүз экенимди коргойм", - деп баса белгиледи Муртазалиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5748